• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Берлинде кыргыз-герман кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 25.04.23. /Кабар/. Берлинде Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Бундестагдын депутаты, Германиянын социал-демократтык партиясынан “Германия-Борбордук Азия” парламенттик тобунун мүчөсү жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташуу маселелери боюнча фракциясынын жооптуу ɵкүлү Андреас Ларем менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-герман кызматташтыгынын маселелери жана Борбордук Азия регионундагы кырдаал боюнча пикир алмашуу болду.

Элчи Ө.Текебаев Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы актуалдуу кызматташтык, анын ичинде алдыда боло турган биргелешкен иш-чаралар жана өз ара сапарлар тууралуу маалымат берди.

Бундестагдын депутаты Андреас Ларем быйыл май айында Кыргызстанга келерин айтып, Кыргызстан менен кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий