• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Кореянын ТИМ башчылары кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 02.11.23. /Кабар/. Кыргызстан менен Корея Республикасынын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Пак Чин жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптардын жолугушуусу күн мурун Ашхабадда тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде өткөн “Борбордук Азия – Корея Республикасы” 16-кызматташтык форумунун алкагында өттү.

Кесиптештер эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын, алдыдагы жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды талкуулашты. Ошондой эле келечектеги кызматташтыктын ишмердүүлүгүнүн багыттарын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий