• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кулубаев ЖККУнун башкы катчысы менен кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бишкекке биринчи иш сапары менен келген Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен жолугушуп, кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулады.

Ведомстводон билдиришкендей, сүйлөшүүнүн башында Кулубаев Тасмагамбетовду мындай жогорку кызматка киришиши менен куттуктап, кыргыз тарап аны ар тараптан колдой турганын билдирди.

Ошондой эле министр Кулубаев Кыргызстан ЖККУга мүчөлүгүн өзүнүн тышкы саясатынын негизги багыттарынын бири катары карай турганын белгиледи.

Ушуга байланыштуу ал башкы катчыны Кыргызстан ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы коркунучтардан жана чакырыктардан жамааттык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ишмердүүлүгүн колдой тургандыгына ишендирди.

Ошондой эле Кулубаев ЖККУну мындан ары чыңдоо жана анын потенциалын өнүктүрүү зарылдыгына, айрыкча анын жоопкерчилик чөйрөсүндөгү кризистерди алдын алуу жана ЖККУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу талаш-тартыштарды чечүүдө күч колдонбоо боюнча укуктук жана саясий жактан милдеттендирген механизмдерди иштеп чыгуу бөлүгүнө көңүл бурду.

Өз кезегинде башкы катчы Тасмагамбетов бул жооптуу кызматка анын талапкерлигин бекитүүдө колдоо көрсөткөндүгү үчүн Кыргызстандын жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Андан ары ал ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечимдеринин аткарылышы жана үстүбүздөгү жылга иш планы жөнүндө Кулубаевге маалымат берди.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Тасмагамбетов министр Кулубаевге ЖККУнун потенциалын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын айтылган позициялары жана сунуштары эске алынарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий