• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Владимир Путин: Россия - Кыргызстандын экономикасындагы ири инвестор

Саясат 0

Бишкек, 12.10.23. /Кабар/. Россия - Кыргызстандын экономикасындагы ири инвестор. Бүгүнкү күндө өлкөдө Россиянын катышуусу менен 800дөн ашык ишкана иштейт. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасына расмий сапарынын алкагында кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө билдирди.

Россиянын президенти белгилегендей, Россия Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири. “Алсак, өткөн жылы Россия менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү 37 пайызга көбөйүп, 3,5 млрд АКШ долларына жеткен. Ал эми үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында дагы 17,9 пайызга өскөн”, - деди ал.

Кечээ жакында Кыргызстанда Ишкерлер кеңешинин ийгиликтүү өткөн жыйыны тууралуу айтып келип, Владимир Путин энергетика, өнөр жай, айыл чарбасы, жогорку технологиялар жана башка тармактарда биргелешип иштөөгө бизнестин кызыкдар экенин баса белгиледи.

Мындан тышкары, Россия президенти эки өлкөнүн ортосундагы ырааттуу өнүгүп жаткан региондор аралык байланыштарды белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий