• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ниязалиев Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдалла Аль-Сулайтини кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 05.03.21. /Кабар/. 2021-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Катар Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы элчиси Абдалла Аль-Сулайтини кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар саламаттыкты сактоо жана социалдык чөйрө жаатындагы биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүнү талкуулашты, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы катарлык кайрымдуулук жана гуманитардык фонддорунун иш аракеттеринин жыйынтыктарын карап чыгышты.

"Өзүнчө көңүл эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүү маселелерине дагы бурулду", - деп кошумчалашты министрликтин басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий