• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айбек Молдогазиев Швециянын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 28-мартында КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев резиденциясы Баку шаарында жайгашкан Швеция Королдугунун Кыргызстандагы элчиси Кристиан Камиллди кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу мамилелердин абалын, ошондой эле үстүбүздөгү жылы, анын ичинде быйыл Кыргызстан менен Швециянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында боло турган иш сапарлардын жана иш-чаралардын графигин талкуулашты.

Швед тарап эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелердин бардык спектри боюнча кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар эл аралык күн тартиби, анын ичинде Украинадагы кырдаалдын айланасындагы саясий жана коопсуздук маселелери боюнча өзүнчө пикир алышты.

Тактап айтканда, министрдин орун басары Молдогазиев Кыргызстан ар кандай чыр-чатакты сүйлөшүүлөр аркылуу саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү керек деген позицияны кармана тургандыгын баса белгиледи.

"Кыргызстан БУУнун Уставында жана башка документтерде бекитилген эл аралык укуктун жалпы таанылган нормаларын жана принциптерин сактоонун чечкиндүү жактоочусу жана Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча сүйлөшүү процессинин башталышын колдой турганын жана тараптардын тез арада өз ара алгылыктуу чечимдерге жетишүүсүнө кызыкдар", - деп баса белгиледи ал.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу ишенимдүү мамилелерди чыңдоого даяр экендиктерин ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий