• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Новиковдун Баткенге болгон жумушчу сапары: Маанилүү маселелерди жана жаңы милдеттерди көзөмөлдөө

Аналитика 0

Жаңы адамдар, жаңы милдеттер. Премьер-министрдин милдетин убактылуу аткаруучу Артем Новиков бардык тармактарда жигердүү иштеп жатат. Аймактарга болгон сапарлар кырдаалды жеринен көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

“Учурда Кыргызстандын саясатындагы жаңы адамдар жоопкерчиликти түшүнүшү керек. Турмуштук маселелерди тез арада жеринен чечүү керек. Биринчи вице-премьер-министр, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков принципиалдуу жана прогрессивдүү көз караш менен иштеген жаңы муундун саясатчысы. Мындай адамдар кыргыз саясатына өзгөрүүлөрдү киргизиши мүмкүн”, - деди саясий серепчи жана талдоочу Павел Дементьев.

Кыргызстанда 4-октябрдан кийин саясатка келген жаңы жүздөр иштей турганын далилдөөдө. Кыргызстан дээрлик бардык тармактарда эбегейсиз потенциалга ээ. Кыргыз ССР кандай өндүрүштүк кубаттуулуктарга ээ экендигин жакшы билебиз. Бизге өлкөнүн келечеги үчүн талыкпай эмгектенген кадрлар керек. Акыркы жылдары республикада аймактарды өнүктүрүүгө жана санариптештирүүгө багытталган жакшы демилгелер көтөрүлө баштады. Бул Кыргызстандын өнүгүшүндөгү жемиштүү, эң негизгиси эффективдүү жолдун башталышы гана болушу керек. Ички дүң продукциянын өсүшүнө жана башка экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүшү үчүн резервдерди издөө керек.

Теманы утурлай премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кызыл-Кыя шаарындагы бир катар өндүрүштүк объектилердин иши менен таанышып чыкты. Атап айтканда, премьер-министрдин м.а. 2020-жылы "Кант түтүк-шифер ишканасы" ЖЧК тарабынан курулган шифер өндүрүү заводуна барды. Ишкананы кыдыруу учурунда анын учурдагы ишмердүүлүгү жана аны өнүктүрүү боюнча пландар талкууланды.

Премьер-министрдин м.а. белгилегендей, келечекте толук кандуу өнөр-жай кластерин түзүү зарыл, анда сырьену өндүрүүдөн тартып, продукцияны өндүрүүгө, анын ичинде экспортук максатта өндүрүүгө чейинки шарттар түзүлүшү кажет.

"Өкмөт ишкананы кеңейтүү жана модернизациялоо боюнча пландарды ишке ашырууга максималдуу түрдө көмөк көрсөтөт", - деп белгиледи Артём Новиков жана келерки жылга карай ишкана жетекчиси тарабынан айтылган буюмдары сырдоо боюнча кошумча линиялар ишке киргизилээрине ишеним билдирди.

Белгиленгендей, учурда заводдун продукциясы Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында сатылууда, мында ишкана модернизацияланган соң, продукцияны Тажикстан жана Өзбекстан Республикаларына экспорттоо мүмкүндүгү бар. Андан соң Артём Новиков "Түштүк-кыргыз цемент" заводуна барды, анда ишкананын ишмердүүлүгү, өндүрүш процесси жана аны өнүктүрүү келечеги менен таанышып чыкты. Белгиленгендей, учурда коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу заводдун бир бөлүгү гана иш алып барууда.

Премьер-министрдин м.а. ишкана жетекчиси менен биргеликте ишкананын көйгөйлүү маселелерин жана аны өкмөт тарабынан колдоого алуу чараларын талкуулады. Ошондой эле чет элдик адистердин келүүсү маселеси талкууланды, алар менен биргеликте ишкананы модернизациялоо, анын ичинде заводду толук өндүрүш кубаттуулугуна чыгаруу үчүн өндүрүлгөн продукция көлөмүн жогорулатуу маселеси иштелип чыгат, натыйжада, келечекте продукцияны Өзбекстан Республикасына экспортоого мүмкүндүк ачылат.

"Аймактарда коңшу мамлекеттер менен соода мамилелери начар өнүккөн. Кантсе да Борбор Азия аймагы ишмердүүлүктүн эбегейсиз зор талаасы экендигин айтуу керек. Биринен экинчи өлкөгө жибериле турган жана суроо-талап жараткан өндүрүштү камтыган белгилүү бир механизмди түзүү керек. Маселен, Тажикстан географиялык жайгашуусунун өзгөчөлүгүнө байланыштуу айрым айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрө албайт. Ал эми Кыргызстан коңшу республикага керек болгон дан эгиндерин, буурчак өсүмдүктөрүн өндүрө алат. Башкача айтканда, Борбор Азиядагы экономикалык консолидация долбоорлору жөнүндө эч ким олуттуу ойлоно элек. Бул Борбор Азия чөлкөмүн өнүктүрүү үчүн абдан келечектүү багыт. Анын үстүнө, бул долбоордун ишке ашышы түздөн-түз пайда алып келиши мүмкүн, анткени өлкөлөрдүн чек аралары жакын. Товарды ташууда кыйла аз акча кетип, убакыт да үнөмдөлөт", - дейт эксперт.

Жыйынтыгында премьер-министрдин м.а. 450 ашуун адамды жумуш менен касыздап турган Кызыл-Кыя тамеки-ферментациялык заводуна барды. Завод көп убакыттан бери токтоп турат, ишкана жетекчилиги тарабынан анын ишин жандандыруу жана модернизациялоо боюнча аракеттер кабыл алынган эмес. Премьер-министрдин м.а. ишкананы кыдырып чыгып, Баткен облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнө эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте тамеки өстүрүү, аны ферментациялоо жана тамеки буюмдарын өндүрүүчү ишканаларга экспорттоочу толук кандуу тамеки кластерин түзүү маселесин карап чыгууну тапшырды.

"Ишкананын модернизациясы жергиликтүү калк үчүн жумуш орундарын түзүүнү, социалдык, анын ичинде республикалык бюджетке каражаттарды чегерүүнү камсыз кылат. Биз мындай демилгени ар дайым колдойбуз", - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Баткен облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Кадамжай районунун Кадамжай шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Кыргыз Республикасына гуманитардык көмөк берүү алкагында курулуп жаткан медициналык мекеменин имараты жыйынтыкталуу алдында турат. Эки корпустан турган, 214 койка-орунга ылайыкталган оорукана 5-7 күн ичинде пайдаланылууга берилмекчи. Курулуп жаткан имаратты көрүп чыккан соң, Артем Новиков курулуш иштерин ыкчамдатууну белгиледи. Буга катар премьер-министрдин м.а. курулушта бардык нормалардын сакталышын жана куруучуларга тийиштүү иштөө шартын камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Белгилесек, Өзбекстан Республикасы тез курулуучу конструкциялардан турган эки медициналык мекемени курууга көмөк көрсөтүү чечимин кабыл алган. Ооруканалардын бири – Бишкек шаарында, ал эми экинчиси Баткен облусунун Кадамжай районунда курулууда.

Ошондой эле Артем Новиков Баткен облусунун жаңы аэровокзалынын ачылыш салтанатында Исфана шаарынын аэропортуна Кыргыз Республикасынын белгилүү мамлекеттик ишмери Исхак Раззаковдун наамы ыйгарылганын билдирди.

"Бүгүн кош майрам. Исфана шаарынын оңдоодон өткөн жаңы аэропорту ачылып, ага белгилүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун наамы ыйгарылды. Аэровокзалдын жаңы имаратынын курулушунан жана аэродром элементтерин реконструкциялоодон соң аэропорт жарактуулук Сертификатына ээ болуп, Кыргыз Республикасынын Авиацялык эрежелеринин талаптарына ылайык, пайдаланууга берилди. Бул аэропорт калкка 45 жылдан ашуун кызмат кылды. Реконструкциядан соң, ал элге дагы көптөгөн жылдар бою кызмат кылаарына ишенем", - деп белгиледи Артем Новиков.

2019-жылдын апрель айынан баштап, Бишкек - Исфана - Бишкек каттамындагы үзгүлтүксүз каттамдар аэродромдун пайдалануу сертификатынын жаңыланбагандыгына байланыштуу токтотулган.

Мындай жумушчу сапарлар алыскы аймактарда жашаган адамдар унутулуп калбастыгынан кабар берет. Ушундай жол менен гана элдин ишенимин калыбына келтирсе болот. Кыргыз саясатындагы жаңы адамдар туура багытта бара жаткандыгын белгилей кетүү керек.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий