• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Кабар" МАБ: Президент Сооронбай Жээнбековдун Чүй облусуна болгон иш сапары

Аналитика 0

Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына болгон иш сапарларын активдүү түрдө улантууда. Бул ирет кезекте Чүй облусу болду.

Иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы Москва жана Жайыл райондорундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, сот органдарын жана медицина мекемелерин санариптештирүүнүн жүрүшүнөн кабар алды.

Ошондой эле Президент айыл чарба, кайра иштетүү ишканаларынын ишмердиги жана калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.

Эми сапардын ар бирине токтолсок. Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнүн мисалында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигине санарипти киргизүүнүн жүрүшү менен таанышты. "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору Рыскулбек Осмоналиев "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасы жана кызматкерлерди каттоо боюнча "E-kyzmat" автоматташтырылган системасы менен тааныштырды.

Учурда бул аянтчалардын негизинде, айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган үй-бүлөлөрдүн курамын жана жашоо деңгээлин баяндаган чарбалык китебинин электрондук түрү түзүлгөнү белгиленди. Азыр 852 үй-бүлөнүн маалыматтары бул системага киргизилген.

"Маалымат дүйнөсү деген эмне? Ал маалыматты кабыл алуу, аны иштеп чыгуу жана аны өркүндөтүү. Керектүү маалыматтарды сактоонун аркасында көптөгөн маанилүү маселелер чечилди. Эң башкысы, көптөгөн дыйкандар, билим берүү мекемелери жана бүтүндөй айыл өкмөттөрү дүйнөлүк желеге кошулуу мүмкүнчүлүгүн алышат. Ал аркылуу ата мекендик IT адистер илимдин жана турмуштун ар кандай чөйрөлөрүнө керектүү жаңы программаларды иштеп чыгышат жана аны ишке ашырышат", - деди Стратегиялык изилдөө борборунун талдоочусу Павел Дементьев (Москва шаары).

Белгилей кетсек, Ак-Башат айыл өкмөтүндө жарандардан арыздарды кабыл алуу жана талап кылынган документтерди тапшыруу "бирдиктүү терезе" принциби боюнча жүргүзүлөт. Ошондой эле ушул принцип менен социалдык, салык жана жер маселелери боюнча адистердин кызматтары көрсөтүлөт. Бүгүнкү күндө Мамлекеттик каттоо кызматынын, Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин жана Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат базаларына кирүү мүмкүнчүлүгү бар. Келечекте ведомстволор аралык "Түндүк" электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу башка мамлекеттик органдардын маалыматтык базаларына кирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

"Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору Рыскулбек Осмоналиев белгилегендей, бүгүнкү күнгө чейин өлкө боюнча 300дөн ашуун айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү санарип аянтчаларын колдонуу боюнча дистанттык окутуудан өтүшкөн. Эпидемиологиялык кырдаал турукташкан соң аймактарга барып окутууну улантуу пландалууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков ар бир айыл өкмөттөрүндө жана бардык аймактарда санариптештирүүнү жайылтуунун маанисин белгиледи. Бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуулугун жогорулатат. Ошондой эле, жергиликтүү калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү процессин автоматташтырып, бул бюрократияны кыйла азайтып, кабыл алынып жаткан чечимдердин сапатын жогорулатат.

Мамлекет башчысы жер-жерлерде санарипти киргизүүнүн негизги максаты жергиликтүү калкка мамлекеттик кызматтарды алууда ыңгайлуулукту жогорулатуу жана коррупция элементтерин азайтуу экендигин эске салды.

"Санариптештирүү – өлкөнүн, айрыкча аймактардын өнүгүшүнүн негизги факторлорунун бири болуп саналат. Өз ара аракеттенүүнүн жаңы деңгээлине чыкпай туруп, кандайдыр бир өнүгүү жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес. Президент Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, аймактарды интернетке туташтыруу мындан ары да сапаттуу жана өлкөнүн бардык билим берүү мекемелеринде үзгүлтүксүз иштеши керек. Коомдук жана жарандык аң-сезимди принципиалдуу жаңы деңгээлге көтөрүү мезгили келди. Бул өлкөнүн учурдагы жетекчилигинин жоопкерчилиги жогорулагандыгын айгинелейт”, - дейт Дементьев.

Президент бул багыттагы ишти өлкөнүн бардык аймактарында активдештирүү зарылдыгын баса белгиледи.

Белгилүү болгондой, 2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланган. Санариптик трансформациялоо мамлекеттик саясаты Президент Сооронбай Жээнбековдун жеке көзөмөлүндө жүзөгө ашырылууда. "Санарип Аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасынын негизги милдети — мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча иштерди автоматташтыруу аркылуу айылдык аймактардын натыйжалуулугун жогорулатуу. Системаны 2020-жылдын аягына чейин өлкөнүн 453 айыл өкмөтүндө ишке киргизүү пландалган.

Нет описания.

Андан кийин өлкө башчы Жайыл районунун Алексеевка айылынын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты. Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Сайпидин Момунов Алексеевка айылындагы таза суу менен жабдуу системасынын эскиргендигине байланыштуу, айылдын басымдуу бөлүгүндө көп жылдан бери таза суу маселеси көйгөй болуп келе жаткандыгын билдирди.

Бул максаттарда айылдарды таза суу менен жабдууну туруктуу өнүктүрүү долбоорунун алкагында АРИС линиясы менен кудуктар калыбына келтирилип, скважиналар менен насостук курулмалар реконструкцияланып, суу менен жабдуу системасынын курулушу бүткөрүлгөн.

Бүгүнкү күндө бардык курулуш иштери аяктады жана Алексеевка айылынын 8 миңден ашуун тургуну таза суу менен камсыз болду.

"Президенттин демилгелери ийгиликтүү ишке ашырылып жаткандыгын байкоого болот. Чүй облусунда бир нече көпүрөлөр оңдоп-түзөөдөн өтүп, ирригация системасы калыбына келтирилүүдө. Республиканын түштүгүндө сугат тутумдарынын жаңы тармактарын ишке киргизүү боюнча иштер ийгиликтүү жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселеси да көз жаздымында калган жок. Президент Жээнбеков башында эле Кыргызстандагы суу ресурстарына байланыштуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча милдеттерди койгон жана азыр бул демилгелер ишке ашып жаткандыгын көрүп турабыз”, - деп билдирди "Кабар" МАБдын туруктуу эксперти Юрий Куринский.

Жергиликтүү эл менен болгон баарлашууда Сооронбай Жээнбеков аталган долбоордун ишке ашырылышына канааттануусун билдирип, өлкөнүн бардык аймактарын таза суу менен камсыз кылуу анын президенттик ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири болуп саналарын эске салды. Мамлекет башчысы бул дагы аймактарды өнүктүрүү ишинде маанилүү маселе экенин белгиледи.

"Суу бар жерде береке болот. Суу региондорду өнүктүрүүнүн негизги аспектиси болуп саналат жана айыл чарба тармагында негизги мааниге ээ. Президенттин демилгесине жана стратегиясына ылайык, жакынкы келечекте бул багытта көйгөйлөр аз болот деген үмүт бар", - деди Куринский.

Президент жергиликтүү бийлик менен тиешелүү бийлик органдарын бул багытты өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жигердүү кызматташууну улантууга, ошондой эле курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Эске салсак, айылдарды суу менен жабдууну туруктуу өнүктүрүү долбоору АРИСтин Дүйнөлүк банк менен биргелешкен линиясы боюнча ишке ашырылууда жана өлкөнүн калктуу конуштарынын суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо жана санитарияны жакшыртуу максаты коюлган. АРИС өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте жалпысынан 2024-жылга чейин өлкөдөгү 208 айылдагы жана 2 шаардагы калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну максат кылууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин белгилегендей, 2024-жылга чейин калкты таза суу менен камсыз кылуу маселеси өлкөнүн бардык аймактарында чечилет — өлкөнүн 822 айылы таза сууга жетишет. Долбоорду ишке ашыруу 33 миллиард сом өлчөмүндө каражат гранттык негизде жана узак мөөнөттүү насыялар менен жүзөгө ашырылат. Акыркы эки жылда өлкөнүн 122 айылы таза суу менен камсыздалды.

Президент Сооронбай Жээнбековдун кезектеги иш сапары өлкө жетекчилиги демилгелердин иш жүзүндө жүзөгө ашырылышын жеке өзү көзөмөлдөп, жеринде жемиштүү иштер жүрүп жаткандыгын көрсөттү. Эң башкысы, аймактарды өнүктүрүү артыкчылыктуу багыт бойдон калууда.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий