• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кызыл-Кыяда адам өлтүрүүгө шектелип мурда соттолгон жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.07.23. /Кабар/. Кызыл-Кыяда адам өлтүрүүгө шектелип мурда соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-июлда саат 20:20лар чамасында Кызыл-Кыя шаардык милициясына шаардын Асаналиев көчөсүндө жайгашкан Таштемир-Ажы базарында белгисиз жарандын сөөгү жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Аталган маалымат Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Жерине Кызыл-Кыя ШИИБдин ыкчам тергөө тобу барып, маркумдун өздүгүн такташкан. Ал Ноокат районунун 42 жаштагы тургуну С.Р. болуп чыккан.

"Маркумдун сөөгү эч ким жашабаган кароосуз калган бөлмөнүн ичинде катталып, денесинде жарааты бар экендиги аныкталган", - деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факты боюнча соттук-медицияналык экспертизалар дайындалып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ошол эле күнү Кызыл-Кыя ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, кылмышка шектүү катары мурда сот жообуна тартылган Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын тургуну 49 жаштагы Т.Т. Кызыл-Кыя шаарынан аныкталып, кармалды.

Учурда кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий