• 88.68
  • 95
  • 0.95

Салык кызматы акциздик маркасы жок 5 миң куту тамекини тартып алды

Коом 0

Бишкек, 07.07.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө контрафакттык тамекини сатуу фактыларын аныкташты.

МСКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, мардыгы болуп мыйзамсыз жүгүртүүдөн акциздик маркалары жок 5 миң 247 куту тамеки тартып алынды.

Жалал-Абад шаарында эки унаанын ичинен акциздик маркасы жана коштоочу документтери жок тамеки буюмдары табылган. 4 420 куту тамеки тартып алынды. Материалдар юридикалык баа берүү үчүн прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле Талас облусунан акциздик маркасы жок тамеки буюмдарын соода түйүндөрүнө сатууга аракет кылган унаанын айдоочусу кармалган. 827 куту тамеки тартып алынып, субъектке айып салынды.

Пикир

Оставить комментарий