• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө баңгизат даярдоо жана сатуу менен алектенгендер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.04.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда баңгизаттарды даярдоо жана сатуу менен алектенген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Милиция кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунун аймагында узак убакыт жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында баңгизаттарды даярдоо жана сатуу менен алектенген кылмыштуу топко карата масштабдуу атайын операция өткөрүлгөн.

Анын жүрүшүндө Жаркынбай айылынын тургуну 1967-жылы туулган Т.А.Э аттуу жаран кармалган. Тинтүү учурунда кармалган жарандын үйүнөн 6 гр гашиш баңгизаты табылып алынган, ал өз көрсөтмөсүндө “Сергей” аттуу адамдан алгандыгын айткан.

Ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүүдө ал адам 1956-жылы туулган ушул эле айылдын тургуну М. С. М. экендиги такталып, кечиктирилгис тинтүү жүргүзүүдө анын үйүнөн жалпы салмагы 4 кг 530 гр баңгизаты алынган.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий