• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргыз-казак достугун чыңдаган Бишкектеги Абай Кунанбаев борбору

Маек 0

Быйыл Казакстан казак жазма адабиятынын негиздөөчүсү, акын жана кара сөздүн чебери Абай Кунанбаевдин 179 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Казакстандын улуу акыны, философ-гуманисти, көркөм сөз өнөрүнүн чебери бир гана өз өлкөсүнө эле эмес, бүткүл түрк тилдүү мамлекеттер үчүн, анын ичинде Кыргызстан үчүн орду чоң. Кыргыз-казак алакасын чыңдоого көпүрө катары мындан туура төрт жыл мурда Бишкекте Абай атындагы кыргыз-казак маданий борбору ачылган. “Кабар” агенттиги маданий очокко баш багып, борбордун жетекчиси Майрамкүл Соноеваны кепке тартты.

— Бишкекте Абай Кунанбаев атындагы кыргыз-казак маданий борборун ачуу демилгеси тууралуу айта кетсеңиз?

— ТҮРКСОЙ эл аралык уюму Абай Кунанбаевдин 175 жылдык мааракесине карата 2020-жылды Абай жылы деп жарыялаган. Буга байланыштуу ошол эле жылдын 11-декабрында А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепкананын экинчи кабатында Абай Кунанбаев атындагы кыргыз-казак маданий борбору ачылган. Борбор улуттук китепкананын, Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин жана казак диаспорасынын салымы аркылуу түзүлгөн. Мен эки жылдан бери бул борборду жетектеп келем. Борбор эки элдин ортосундагы маданий багыт боюнча тыгыш кызматташууга түрткү болууда деп эсептейм”

— Казакстандын адабиятынын Кыргызстандагы бурчу катары бул борбордун алдыга койгон максаттары кандай?

— Абай атындагы кыргыз-казак маданий борбору Кыргызстандын жана Казакстандын элдеринин ортосундагы маданий байланыштарын жана достугун чыңдоого, эки өлкөнүн илимий, маданий жана башка уюмдары менен өз ара пайдалуу кызматташууларын арттырууга багытталган. Мында конференция, маектешүү жана окуу залдары жайгашкан. Борбордо Абайдын скульптурасы орнотулган. Бул эмгек жаш айкелчи Кубаныч Токторалы уулунун колунан жаралган. Скульптор жылда келип, реставрация кылып кетет. Текчелерде болсо, Абайдын кыргыз, казак, орус тилдериндеги китептери коюлган. 4 жылдан бери китептер толукталып олтуруп, азыр алардын саны 1600гө жетти.

— Мында конференция, көргөзмө сыяктуу түрдүү маданий иш-чаралара байма-бай өткөрүлүп турса керек...

— Албетте, сырттан келген окурмандар жакындан таанышыш үчүн көргөзмөлөрдү уюштуруп келебиз. Анда казак акын-жазуучулардын мааракелерине арнап иш-чараларды пландаштырабыз. Быйыл казак жазуучусу, коомдук ишмер Калдарбек Найманбаевдин 85 жылдыгы белгиленүүдө. Ага карата биз чыгармаларынын жыйнактарын мында жайгаштырдык. Мындан улам окурмандар үчүн ай сайын жаңы көргөзмөлөр ачылып турат. Ошондой эле борборго казак акын-жазуучулары жарыкка чыккан жаңы китептерин алып келип, калемдештери, замандаштары менен талкууларды байма-бай өткөрүп келишүүдө. Кыргыз окурмандары үчүн деп атайын алар ондогон китептерди биздин фондго калтырып кетишет.

— Борбор окурмандарды казак адабияты менен тааныштырып, китептерди барактап, окуусуна мүмкүнчүлүк түзгөн турбайбы...

— Ооба, казак менен кыргыздын тилдери домбранын кош кылы сыяктуу жалпы, жакын жана үндөш деп залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов айткандай, кыргыз менен казак боордош элдерден. Ачылгандан бери коноктордун саны үзүлбөйт. Мисалы, 2022-жылы “Казак-кыргыз достугу” аталышындагы иш-чара өткөрүлдү. Казакстандан көптөгөн акын, окумуштуулар келди. Алардын арасында акын, жазуучу жана драматург Мухтар Шаханов да болду. Акын биздин мамлекетте мындай казак борборунун ачылышын абдан кубануу менен айтты.

— Абай Кунанбаев казак тилине бир катар акын-жазуучулардын эмгектерин которгон эмеспи. Кыргыз калемгерлеринен Абайдын чыгармаларын которгондор барбы?

— Абайдын ырларын кыргызча сүйлөткөн Аалы Токомбаев, Абдыжапар Эгембердиев, Асан Жакшылыков, Жалил Садыков, Жоомарт Бөкөнбаев, Омор Султанов, Сооронбай Жусуев, Сүйүнбай Эралиев, Түгөлбай Казаков жана башкаларды айтсак болот. 70-80 жыл аралыгында Абайдын чыгармалары кыргыз тилине дээрлик которулуптур. Котормолор мезгилдүү басма сөз беттеринде байма-бай басылып турган. Азыр да улуу акындын ырларын жаш калемгерлер которуп жатканы кубандырбай койбойт.

— Абай борборуна баш багып, диссертациялык же дипломдук ишин жактайм деп маалымат издеген окмуштуулар, студенттер да болсо керек?

— Туура айтасыз, окуучулар, студенттер, окумуштуулар үчүн дайыма эшигибиз ачык, экскурция өткөрүп беребиз. Анткени биз алардын текчелердеги ар бир китеп менен таанышуусуна кызыкдарбыз.

Республиканын булуң-бурчунан үй-бүлөсү менен келгендер да бар. Ош мамлекеттик университетинде иштеген окутуучу Абай Кунанбаевдин котормолорун издеп келип, макаласын жазып кетти. Ошондуктан Абай борбору казак акын-жазуучулары, коомдук ишмерлери деги эле Казакстан тууралуу тааныштырып туруу биздин максатыбыз. Бул биринчиден, достук алакабызды чыңдайт жана жаш муундарыбызга казак акын-жазуучулары жөнүндө билгенге түрткү берет.
Басканга жери түгөнбөс,
Казганга кени түгөнбөс,
Айтканга кеби түгөнбөс,
Ырдоодон ыры түгөнбөс
Сыйлоодон сыйы түгөнбөс
Кыргызым менен түгөйлөш
Кымбатым, боорум казагым! ,- деп Кыргыз Республикасынын эл акыны Байдылда Сарногоев жазып кеткендей, эки элдин боордош экендиктерин далилдеп турат.


Маалымат үчүн: Абай Кунанбаев – ойчул, окумуштуу, композитор, казак элинин улуу акыны, философ - гуманист, көркөм сөз чебери. Ал 1845-жылы 10-августта Казакстандын Семипалатинск облусунда туулган. 2022-жылдын 8-июнунда казак президентинин жарлыгы менен Абай облусу түзүлдү. Ошондой эле 2020-жылдан бери Кунанбаевдин туулган күнү – Абай күнү деп белгиленип баштады. 170тей ырдын жана ондогон котормолордун, обондордун автору Абайдын айкели Бишкек шаарында 2022-жылдын май айында орнотулган.


Маектешкен Мээрим Дүйшеналиева

Пикир

Оставить комментарий