• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Ош облусунун башчысы ДССУнун өкүлүн кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 16.04.24. /Кабар/. Президенттин Ош облусундагыөкүлү Элчибек Жантаев менен Бүткүл Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Ливиу Ведраско, уюмдун саламаттык сактоо саясаты боюнча кеңешчиси Аманда Шривайзды кабыл алды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда облустагы жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруулар, климаттын өзгөрүшүнүн адамдарга тийгизген таасири, адам ресурсу, медицина тармагындагы санариптештирүү, кадрлардын жетишсиздиги, сергек жашоо образы сыяктуу саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөр боюнча талкуу болду.

Жыйынтыгында мындан ары жогорудагы көйгөйлөрдү чечүү багытында 7 райондо, 7 багыт боюнча 7 жылдык мөөнөттө ишке ашырылуучу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Соңунда тараптар облустун калкынын ден соолугун жана бакубаттуулугун жакшыртууга багытталган жигердүү жана жемиштүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий