• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанга айыл чарба техникасы аткезчилик жол менен ташылып келген

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.07.23. /Кабар/. Кыргызстанга айыл чарба техникасы аткезчилик жол менен ташылып келген. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткенде бажычылар А.у.А. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы УТО-Х954 үлгүсүндөгү тракторду бажы кароосунан өткөргөн.

Трактордун жүк бөлүгүнөн Кыргызстандын аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган товар коштоочу документтери жок, 1985-жылы чыгарылган "Киргизия" үлгүсүндөгү чөптү түктөй турган техника аныкталган.

Техника чектеш мамлекеттен алынып келген, жалпы салмагы 1420 кг, орточо базар баасы 340 миң сомду түзгөн.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар бажы органынын бажылык териштирүү секторунда каралып жатат.

Пикир

Оставить комментарий