• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Cалык кызматынын Сузак району боюнча инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү “Опузалап пара алуу” боюнча кылыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин алкагында, жана коммерциялык секторлордогу коррупциялык системаларды жок кылуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча башкармалыгынын инспектору Ж.Д.Д. пара алып жаткан жеринен кармалды.

Салык кызматкери Жалал-Абад шаарынын тургунун патентти жабуу боюнча жана салык карызын кечиктиргендиги үчүн маселени оң жагына чечип берүү үчүн кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып жашоочудан опузалап акча каражатын талап кылган.

Көрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, 2022-жылдын 23-февралында Мамлекеттик салык кызматынын Сузак району боюнча башкармалыгынын инспектору Ж.Д.Д. паранын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалып, КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык Жалал-Абад шаарынын ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий