• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бажычылар аткезчилик менен ташылган товарларды кармады. Баасы 600 миң сомду түзөт

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. Ммамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери 600 миң сомдук контрабандалык товарларды кармашты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте “Мамай” чек ара тилкесинде автоунаа менен жалпы 20 куту (2400 даана) курамында никотин бар продукция алып келе жаткан Кыргыз Республикасынын А.Ж. аттуу жаранын кармашкан.

Кармалган тамеки продукциясы бажыда декларацияланбаган, тиешелүү жеткирүү документтерисиз Өзбекстандан алынып келе жаткан.

Кармалган товардын наркы 600 миң сомду түздү, ал эми бажы төлөмдөрүнүн төлөнө турган алдын-ала суммасы 206 миң 400 сомду түздү.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин маалымат журналына катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий