• 88.68
  • 95
  • 0.95

Түштүк кореялык компания «Манас» аэропортуна ПЦР-тест үчүн лаборатория ачат

Өкмөт 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов «BS Group» (AMSBIO, OMNISYSTEM) корпорациясынын төрагасы Пак Хё Рин (Корея Республикасы) менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

«Кыргыз Республикасы Корея Республикасы менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чыңдоого чоң маани берет. Жагымдуу инвестициялык климатты түзүү, чет элдик инвесторлордун кызыкчылыгын коргоо, инвестициялык объектилердин ишинин коопсуздугун камсыздоо – жаңы Министрлер Кабинтинин артыкчылыктуу милдеттеринин бири болуп саналат», - деп белгиледи Улукбек Марипов

«BS Group» корпорациясынын төрагасы Пак Хё Рин маалымдагандай, компаниянын иши гидроэнергетика, медицина, фармацевтикалык өндүрүш, магниттик карталарды жана төлөм жабдууларын өндүрүү сыяктуу багыттарды камтыйт.

Пак Хё Рин атамекендик экономикага инвестициялоого кызыкдарлыгын билдирди жана компания бүгүн Бишкек шаарында «ABDSIO Lab» («Манас» эл аралык лабораториясы) ПЧР-лабораториясын расмий ачып жаткандыгын билдирди.

Лабораторияда бир күндө 14 миңге жакын адам ПЧР-тестирлөөдөн өтө алат, ал эми жыйынтыгы тест тапшырган соң бир сааттан кийин дайын болот.

«Өлкөдө жакында туристтик сезон ачылаарын эске алуу менен, республика аймагындагы мындай лабораториянын ачылышы туристтерди тартуу жаатында чоң мааниге ээ. Биздин милдет - Кыргыз Республикасын СOVID-19дан эркин өлкөгө айландыруу. Бул өлкөгө туристтердин агылуусуна шарт түзөт», - деди Пак Хё Рин.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов «BS Group» корпорациясынын иши медициналык тармакта гана эмес, экономиканын башка тармактары боюнча да кеңейтилээрине ишеним билдирди.

Пикир

Оставить комментарий