• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Исаков ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 01.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 1-декабрда, Россия Федерациясынын Сочи шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Жыйындын алдында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен кол алышуу жана ШКУга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын биргелешип сүрөткө түшүү аземи орун алды.

Тар курамдагы жыйын жүрүшүндө мындан ары Уюмду өнүктүрүү, ШКУ алкагындагы өлкөлөрдүн өз-ара экономикалык аракеттенүүсү жана коопсуздук маселелери талкууланды.

ШКУ ӨБК жыйынына ШКУга мүчө-мамлекеттердин: Индия Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын өкмөт башчылары катышууда.

Пикир

Оставить комментарий