• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен облусунда чек арачылар аткезчилик жүктү алып өтүү аракетине бөгөт койду

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Баткен облусунда чек арачылар аткезчилик жүктү алып өтүү аракетине бөгөт койду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш түзүү бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 9-сентябрында Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары аткезчилик жүктү алып өтүү аракетине бөгөт койгон.

“Баткен облусунун Кадамжай районундагы Лачын жерлигинде чек арачылар кызматын өтөп жаткан учурда Кыргызстандын 1995-жылы туулган М.Н.у., аттуу жаранына таандык болгон Hyundai-Porter үлгүсүндөгү автоунаасын кармашкан. Ал өткөрүү жайынан сырткары жерден Өзбекстандын аймагына 22 даана телевизоду мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган”, - деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаранда жүккө тиешелүү уруксат кагаздары болгон эмес.

Кармалган жүктүн жалпы суммасы 250 000 сомду түздү.

Тиешелүү иш-кагаздары толтурулгандан соң, кармалган жаран жана жүк Мамлекеттик бажы кызматынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине мындан аркы териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий