• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Караколдо эркек киши абакта кармалгандарга баӊги затын өткөрүүгө аракет кылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.02.20./ Кабар/. Каракол шаарында абакта кармалгандарга баӊги затын өткөрүү учуру аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча баӊги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Каракол шаарындагы №23 мекемесинин кызматкерлери абакта кармалгандарга баӊги затын өткөрүү учурун алдын алышты.

Милиция кызматкерлеринин айтымында, аларга Каракол шаарынын тургуну, «Саке» аттуу каймана аты бар адам абакта кармалгандарга баӊги затын өткөрүүгө даярданып жатат деген маалымат түшкөн. Аталган маалымат боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмышты ишке ашырууну көздөп жаткан адамдын өздүгү аныкталып, ал Каракол шаарынын 26 жаштагы тургуну Ж. Максат болуп чыкты.

«Каракол шаарындагы №23 тергөө изоляторунун кабыл алуу бөлмөсүндө тамак-ашты өткөрүп жаткан учурда, ундун баштыгынын ичине катылган 40 грамм гашиш баӊги заты табылып алынды. Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, жазык кодексинин 268-беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды», - деп билдиришти милиция кызматкерлери.

Кылмышка шектүү катары кармалган Ж.Максат, эч жакка кетпөө тил катында калтырылды. Тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий