• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бажы кызматкерлери өлкөгө мыйзамсыз алынып келген эки жеңил унааны кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. Өлкөгө мыйзамсыз алынып келген эки жеңил унаа кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, “Баткен” бажысынын кызматкерлери өлкөгө мыйзамсыз алынып келген “Honda Stepwgn” үлгүсүндөгү унааны кармашты.

Ошондой эле, “Баткен” бажысынын кызматкерлери УКМКнын Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери биргеликте Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз алынып келген “Honda Fit” үлгүсүндөгү унааны кармашты. Унааны Н.А.З. аттуу Кыргызстандын жараны башкарып жүргөн.

Кармаган учурда жогоруда көрсөтүлгөн айдоочуларда унаага тийиштүү документтери жок болгондугуна байланыштуу автоунаалар “Бими Баткен” убактылуу сактоочу кампасына коюулду.

Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий