• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бир дагы өлкө жападан жалгыз тышкы күчтөргө каршы туруштук бере албайт – Казакбаев

Саясат 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. Бир дагы өлкө жападан жалгыз тышкы күчтөргө каршы туруштук бере албайт. Бул тууралуу кыргыз-түрк мамилесине арналган илимий-практикалык конференцияда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди.

Анын айтымында, ааламдашуу жана интеграция процесси жүрүүдө.

"Бир дагы аймак, бир дагы өлкө жападан жалгыз тышкы күчтөргө каршы туруштук бере албайт. Алар терроризм, экстремизм, куралдарды мыйзамсыз ташуу, аткезчилик, баңгизат сатуу", - дейт ал.

Казакбаев Кыргызстан салмактуу, так жана көп тараптуу саясат жүргүзөрүн белгиледи.

"Биринчи кезекте Кыргызстан жакын коңшулар менен тыгыз мамилелерди түзөт", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий