• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Бишкекте келин мурдагы күйөөсүнүн колунан ажал тапты

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. Бишкекте 33 жаштагы келин мурдагы күйөөсүнүн колунан ажал тапты. Бул тууралуу укук коргоочу Назгүл Турдубекова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Кабар” агенттигине Бишкек шаардык милициясынан билдиришкендей, 4-апрелде 102 кызматына 33 жаштагы А.Р. аттуу жарандын өлүмү боюнча маалымат түшкөн.

Биринчи май райондук милициясынын ыкчам-тергөө тобу жерине барып, аталган факты тастыкташкан.

Райондук милициянын Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, кылмышка шектелип 33 жаштагы Б.К. аттуу жаран кармалды.

Кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иши уланууда.

Пикир

Оставить комментарий