• 88.68
  • 95
  • 0.95

Марат Иманкулов ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук кеңештеринин катчыларынын XIX жолугушуусуна катышты

Саясат 0

Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Астана шаарында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын он тогузунчу жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.

Марат Иманкулов өз сөзүндө дүйнө кооптуу болуп бара жатканын белгиледи.

Анын айтымында, кырдаал барган сайын оорлошуп, эл аралык террористтик уюмдардын жана экстремисттик топтордун активдүүлүгү өсүүдө. Муну Иран менен Россияда жыл башынан бери көп сандагы адамдардын өлүмүнө жана жабыр тартуусуна алып келген оор террористтик чабуулдар ырастап турат.

Ал милитаризация жана согуштардан улам эл аралык атмосферанын чыңалуусу уланып жатканын айтып өттү. Азыркы учурда дүйнөлүк саясатта болуп жаткан окуяларга байланыштуу ШКУнун мейкиндигинде жаңы чакырыктар пайда болууда, алар аймактык коопсуздукту алсыз кылып, тарыхый жактан калыптанып калган мамлекеттер аралык байланыштарды бузууга багытталат жана акырында Уюмга мүчө мамлекеттердин улуттук эгемендигине шек келтирүүгө аракет кылат.

Марат Иманкулов баса белгилегендей, коопсуздук коркунучтары болуп радикалдуу идеологиялык, өзгөчө жаштарга таасирин тийгизген концепциялардын жайылуу масштабынын өсүшү, ошондой эле Интернетти терроризмди жана экстремизмди пропагандалоо үчүн колдонуу да саналат.

Коопсуздук кеңешинин катчысы коопсуздукту бекемдөө чаралары катары ШКУнун статусун бекемдөө жана региондун туруктуулугун камсыз кылууда мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу боюнча биргелешкен ишти уюштурууну сунуштады.

Жолугушуунун аянтчасында Марат Иманкулов Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Эки өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндө маселелер талкууланды.

Андан соң делегация башчыларынын Казакстандын ррезиденти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушуусу болду.

Пикир

Оставить комментарий