• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эр-Риядда Кыргызстандын ата мекендик продукцияларынын көргөзмө-жарманкеси өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарындагы Digital City аянтында Кыргызстандын ата мекендик продукцияларынын көргөзмө-жарманкеси өтүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, бул иш-чаралар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты, ошондой эле туризмди өнүктүрүүгө багытталган. Иш-чарага маданият министри Азамат Жаманкулов катышууда.

Кыргыз ата мекендик буюмдарынын көргөзмөсүнүн алкагында “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамблинин, опера жана эстрада театрынын солисттеринин концерттик программасы болот. Мындан тышкары, көргөзмөгө элдик-прикладдык искусство менен алектенген кол өнөрчүлөр жана кийизден буюмдарды жасоо боюнча мастер-класстар өткөрүлөт.

Ошондой эле Кыргызстандын туроператорлору өзүнчө көргөзмөгө тартуулап, Сауд Аравия Королдугунан туристтерди тартуу үчүн Кыргызстандын туристтик потенциалы көрсөтүлөт.

Туристтик жарманке-көргөзмө жана бизнес-форум өткөрүү кыргыз элинин маданияты, каада-салты, тарыхы жана жашоосу, туризсттик потенциалы менен таанышууга эң сонун мүмкүнчүлүк түзүлүп, эки өлкөнүн ортосундагы жигердүү кызматташтыкты жолго коюу менен бирге ар кандай экономикалык, социалдык жана маданий тармактардын алакасы бекемделет.

Пикир

Оставить комментарий