• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эртең Бишкекте "Кыргызстан – кыска метраждуу кинолордун өлкөсү" кинофестивалы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 11.12.19. /Кабар/. Эртең, 12-декабрда "Манас" кинотеатрында IX эл аралык КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн "Кыргызстан – кыска метраждуу кинолордун өлкөсү" кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу Киноматографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

КРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына арналган кинофестивалдын салтанаттуу ачылышы 12 –декабрь күнү саат 12:00дө “Манас” кинотеатрында өтөт.

Фестиваль эки сынактык программаны камтыйт. Алар даректүү, анимациялык жана эксперементалдык жанрларды камтыган эл аралык жана улуттук кинолор болуп эсептелет.

Эл аралык программада бул жылы 14 кино, ал эми улуттук программада ата мекендик 18 кино. Кинолорду КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн белгилүү кинематографистеринин курамынан турган калыстар тобу баалайт.

Иш-чара КМШ өлкөлөрүнүн эл аралык гуманитардык кызматташтык фонду, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана “Айтыш” коомдук фондусунун колдоосу менен ушул жылдын 12-15-декабрына чейин жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий