• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ Бишкекте мектеп жетекчилерине баңгизаттардын алдын алуу боюнча семинар өттү

Коом 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мектептеринин жетекчилерине баңгизаттарды алдын алуу тууралуу түшүндүрмө семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, баңгизаттын алдын алуу боюнча биргелешкен иш-мерчемдин алкагында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгы, Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Республикалык психиатрия жана наркология борбору менен биргеликте Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору жана Бишкек шаардык Кабылданган иммундук жетишсиздик синдром (СПИД) борбору №4 мектеп-гимназиясынын базасында мэрияга караштуу мектептердин директорлорунун орун басарлары үчүн «Баңгизаттарды колдонуунун алдын алуу», «Балдар арасындагы баңгичиликтин алдын алуу», «Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштар үчүн жоопкерчилиги» жана «Дары-дармек баңгилиги» - темаларында семинар өткөрүлдү.

Семинарда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери кызматтын негизги иш багыттары тууралуу айтып берип, баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү үчүн КР мыйзамдарында каралган жоопкерчилик жөнүндө баяндаган социалдык-профилактикалык видеороликти көрсөттү.

Эмнеге көңүл буруу керек, өспүрүмдөрдүн баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыштуу аракеттерге аралашуусуна жол бербөө үчүн кандай чараларды көрүү керек экендигин айтып берди.

Жыйындын соңунда Ички иштер министрлиги тарабынан иштелип чыккан өспүрүмдөр арасында баңгиликти жана токсикоманияны алдын алуу боюнча ата-энелерге эскерткичтер таратылды.

Пикир

Оставить комментарий