• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Элчи Карагулов Кувейттин ички иштер министри менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 04.11.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 2-ноябрында Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Азамат Карагулов Кувейттин ички иштер министри Тамер Али Сабах Аль-Салим Аль Сабах менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады.

Элчи Карагулов министрди кыргыз-кувейт мамилелерин өнүктүрүүдөгү элчиликтин ишмердүүлүгүнүн натыйжалары жана келечектеги пландары тууралуу тааныштырды.

Ошондой эле эки өлкөнүн мекемелеринин ортосундагы байланыштарды бекемдөө, анын ичинде Ички иштер министрликтеринин ортосунда байланышты орнотуп, Кыргызстандын президентинин Эль-Кувейтке пландаштырылган сапарынын алкагында эки өлкөнүн ИИМдеринин ортосунда эки тараптуу макулдашууга кол коюуга даярдыгы боюнча айтып берди.

Кувейттин ички иштер министри элчиликтин эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө аткарып жаткан аракеттерин жогору баалап, мекемелер ортосунда тыгыз иш алып барууга даярдыгын билдирди. Аны менен бирге артыкчылыктуу багыттардын катарында терроризм жана экстремизм менен күрөшүү, акча адалдоо жана эл аралык террордук уюмдарды каржылоонун алдын алуу боюнча тармактарды белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кувейтке визаны онлайн режиминде алуучу өлкөлөрдүн тизмесине Кыргызстандын жарандарын кошууну талкуулады.

Жыйынтыгында Карагулов Кувейттин коопсуздук тармагындагы эл аралык демилгелерине кыргыз тарабынын ачык экендигин билдирип, Тамер Али Аль Сабахты Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий