• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР сурдо эркин күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 11.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын сурдо эркин күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасындагы курама командасы Дүйнө чемпионатында 1 алтын, 1 күмүш, 2 коло медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, 65 кг чейинки салмакта Артур Акопян алтын медалга ээ болду. Ал эми Тариэл Садырбеков 55 кг чейинки салмак категориясында күмүш тагынды. Ошондой эле 48 кг чейинки салмакта Арлен Уланов жана 71 кг чейинки салмак категориясында Бексултан Сабыралиев коло медалга ээ болушту.

Белгилей кетсек, курама командалык эсеп боюнча 2-орунду ээледи. Ал эми 1-орунду Казакстан жана 3-орунду Америка Кошмо Штаты (АКШ) камсыз кылды.

Эскерте кетсек, мелдештер Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп жатат. 3-сентябрда башталган чемпионат 11-сентябрда жыйынтыкталмакчы.

Пикир

Оставить комментарий