• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМКнын Жумгал райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды

Аймак 0

Бишкек, 11.09.23. /Кабар/. Бүгүн Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын Жумгал райондук бөлүмүнүн имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу атайын кызматтан басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, имаратты УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев салтанаттуу түрдө ачты. Иш-чарага Нарын облусунун Жумгал районунун акими А.А.Набиев, башкармалыктын өздүк курамы, аппараттын кызматкерлери, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.

Жаңы имарат кызматкерлер үчүн бардык заманбап талаптарга жооп берген керектүү шарттар менен толук жабдылган.

Ташиев кызматкерлерди куттуктап, КР УКМКнын кызматкерлери мындан ары да республиканын бардык облустарында жана райондорунда өз милдеттерин натыйжалуу аткаруусу үчүн тийиштүү шарттар түзүлө берерин белгиледи.

Ошондой эле, КР УКМК төрагасы актуалдуулугун эске алуу менен, коррупцияны жоюу жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча чараларды ишке ашырууну улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган Кыргызстанда коопсуздукту камсыз кылууга жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө багытталган милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий