• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен – Боз-Адыр унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 31.07.23. /Кабар/. Баткен – Боз-Адыр унаа жолунун 12 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен районуна караган бул жолдо "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын №2 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын тартылган техникалар иштеп жатышат.

"Быйыл Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун (эски багыт) 195-207-чакырым аралыгын (Баткен-Боз-Адыр унаа жолу), жалпы 12 чакырымды асфальттоо каралган. Жумуштар июль айынын башында башталып, алгач жер иштери жүргөн. Азыркы тапта асфальт төшөө жумуштары жүрүп, 700 метрдей жол жасалды. Ошондой эле жолдун суу жеп кеткен жерлери оңдолуп, кеңейтүү иштери жүрдү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий