• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулап жаткан жергиликтүү тургун кармалды

Аймак 0

Бишкек, 07.08.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз балык уулап жаткан 61 жаштагы Чолпон-Ата шаарынын тургуну кармалды.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кармалган жарандан далил зат катары 51 даана «чабак» балыгы жана үйлөмө резина кайыгы алынган.

Аталган факты Ысык-Көл РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, юридикалык баа берүү үчүн чогулган материалдар аймактык милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Учурда териштирүү иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий