• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

"Мурас Юнайтед" командасы "Андижан" футбол командасын 1:0 эсебинде утту

Спорт 0

Бишкек, 11.09.23. /Кабар/. Күн мурун, 10-сентябрда Курманбек стадионунда Жалал-Абад облусунун “Мурас Юнайтед” клубу менен Өзбекстандын Андижан облусунун “Андижан” футбол клубдарынын ортосунда достук беттеши өттү.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, оюндун жыйынтыгы менен "Мурас Юнайтед"командасы 1:0 эсеби менен жеңишке жетти.

Иш-чарага Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев, Кыргызстандын футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана үч миңден ашуун футбол сүйүүчүлөр катышты.

Облус башчысы бул спорттук мелдеш эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу мамилелеринин жаңы деңгээли, ынтымак менен достуктун, жакшы коңшулук алакалардын бекемделиши экенин белгиледи. Ал ошондой эле Жалал-Абад облусунда спорт тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты.

Пикир

Оставить комментарий