• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте балдар арасында тай боксу боюнча мелдеш өтөт

Спорт 0

Бишкек, 28.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте 10нан 12-ноябрь күндөрү 6дан 11 жашка чейинки балдар арасында тай боксу боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине аталган спорттун түрү боюнча федерациянын президенти Елена Шевченко билдирди.

Анын айтымына караганда, аталган мелдеш Ак илбирсти сактап калууга арналат. Катышуучулардын жаш курагы: 6-7, 8-9, 10-11 жаш.
“Жыл өткөн сайын тай боксунун популярдуулугу артып келет. Ошондуктан мелдешти биз “балдар”, “кенже”, жана “чоңдор” деп, үч жаш куракка бөлдүк. Акыркы экөө кийинчерээк өткөрүлөт”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий