• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков Олимпиадага катышуу үчүн Токиого учуп кетти

Спорт 0

Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 29-июлда Кыргызстандын олимпиадалык курама командасынын мүчөсү Нурсултан Кеңешбеков жайкы Олимпиада оюндарына сапар алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Спортчуну машыктыруучусу Сатыбек Чокаев коштоп кетти.

Нурсултан Кеңешбеков жана Сатыбек Чокаевди Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Алибек Ташматов узатты.

Кеңешбеков 6-августта саат 18:00дө 5000 метр аралыкта өз күчүн сынайт.

Пикир

Оставить комментарий