• 88.68
  • 95
  • 0.95

Юстиция министри КР мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүүнүн жүрүшү жөнүндө айтып берди

Коом 0

Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. Мыйзамдардын саны боюнча анализдин жыйынтыгында 139 мыйзам күчүн жоготту деп таанылууга тийиш болгон. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында КР юстиция министри Асел Чынбаева билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө президенттин "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө" жарлыгына ылайык, мыйзамдарды инвентаризациялоо процесси башталды.

“Мыйзамдардагы көптөгөн өзгөрүүлөр ички карама-каршылыктарды, бири-бирин кайталоого, кээде керексиз жоболорго жана адилеттик принциптерине дал келе бербегендигине алып келет”, - дейт ал.

Юстиция министри учурда жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган мыйзамдарды кайра иштеп чыгуу жүрүп жаткандыгын айтты.

“Инвентаризациянын максаты - декларативдик, бюрократиялык, натыйжасыз жана талаштуу жоболорду аныктоо, алар аныкталгандан кийин тийиштүү кайра каралууга тийиш. Инвентаризациялоо процессин сапаттуу жүргүзүү үчүн ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топ түзүлдү. Алар бардык мыйзам базасын оптималдаштырып, өркүндөтүшү керек. Инвентаризациялоо ишинин жүрүшүн уюштуруу үчүн тармактык эксперттик кичи топтор түзүлдү. Курамына мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер кирет”, - деди министр.

Чынбаева белгилегендей, инвентаризацияга дуушар болгон мыйзамдардын санын аныктоо үчүн Юстиция министрлиги 1990-жылдан 2020-жылга чейинки мыйзамдарды талдап, 356 мыйзамдын тизмесин аныктады.

“Анализдин жыйынтыгы боюнча күчүн жоготту деп таанылууга тийиш болгон мыйзамдардын саны 139 түздү. Ага майрамдарды белгилөө жөнүндө мыйзамдар, мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө мыйзамдар кирди”, - деп кошумчалады министр.

Пикир

Оставить комментарий