• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан жана Түркиянын аймагында бир катар алдамчылык аракеттерди жасаган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. КР Ички иштер министрлигинин Транспорттук ички иштер башкармалыгынын (ТИИБ) Аба транспортундагы ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош облусунун Араван районунун тургуну О.А. Кыргызстандын жана Түркиянын аймагында бир катар алдамчылык аракеттерди жасагандыгын аныкташкан. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилүү болгондой, кармалган 37 жаштагы О.А. айфон үлгүсүндөгү уюлдук телефондорду сатуу шылтоосу менен жарандардын ишенимине кирип, бирок мобилдик телефондорду алгандан кийин ал жок болуп кеткен.

Учурда кармалган жаран КРнын Жазык-процессуалдык кодекстин 98-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

ИИМ ТИИБнын Аба транспортундагы ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери О.А.нын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгын аныктоо боюнча иштерди улантууда.

«Ушуга байланыштуу шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен бардык жарандардан КР ИИМдин ТИИБнын Аба транспортундагы ички иштер бөлүмүнүн төмөнкү номерлери боюнча кайрылууну суранбыз: 693535, 0999019102, 0708003619»,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий