• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: КР жасалма паспортторун даярдап-саткан кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.06.19. /Кабар/. Кыргызстандын жасалма паспортторун даярдап-саткан кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

УКМК билдиргендей, 2-июнь күнү "Манас-Аэропорт" көзөмөл өткөрмө жайында Ислам Кодиров наамындагы КР жасалма паспорту менен Стамбул шаарына чыгып кетүүгө аракет кылган коңшу мамлекеттин 29 жаштагы Ю.М., аттуу жараны кармалган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө аталган паспорттогу серия Кыргызстандын жараны, Ош облусунун 17 жаштагы А.у.Б., аттуу тургунуна таандык экендиги аныкталган.

Аны менен бирге Манас аэропортунун күтүү залында айтылган кылмыш тобунун уюштуруучусу, Кыргызстандын 52 жаштагы А.С., жараны кармалган. Анын жанында 1987-жылы туулган Пайзулло Насыровдун наамына даярдалган дагы бир КР жасалма паспорту табылган

УКМК белгилегендей, А.С., чет элдик жарандарга КР жасалма паспортторун даярдоо жана сатып өткөрүү боюнча туруктуу канал уюштуруп, чет өлкөлөргө жиберип тургандыгы аныкталган.

А.С., жашаган жерди тинтүү учурунда 1987-жылы туулган Сухроб Рустамовдун наамына даярдалган КР жасалма паспорту табылып, алынган.

"Даярдалып жасалмаланган документтер эл аралык террористтик уюмдун рекурттарын согуштук зонага катышууга жиберип туруу максатында колдонулган", -деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Азыркы убакта кармалгандар КР УКМКнын Тергөө камагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий