• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Кеминде жаш жигит короодогу атты ээр токуму менен уурдап кеткен

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.05.22. /Кабар/. Кеминде короодогу атты ээр токуму менен уурдоого шектелип 20 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө караганда, 7-майда Кемин райондук милициясына 33 жаштагы К.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү короодогу ат ээр токуму менен кошо уурдалганы жазылган.

Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 20 жаштагы А.Ы. аттуу жигит кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Уурдалган ат ээсине кайтарылды.

Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Пикир

Оставить комментарий