• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Маморгандар Коомдук кеңештердин сунуштарына жооп бербей жатышат - Раимбеков

Коом 0

Бишкек, 23.05.18. /Кабар/. Маморгандардын Коомдук Кеңештери (КК) даттанышып, ведомство аларга тиешелүү негизде карабай жана алардын билдирүүлөрүнө мыйзамда көрсөтүлгөн убакытта жооп бербей жаткандыктарын айтышууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында КР экономика министрлигинин ККнын төрагасы Нурадил Раимбеков билдирди.

Анын айтымында, акыркы убакта Коомдук кеңештер салык ситемасына, фискалдык саясатка, бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатууга, жашыл экономиканы жана кайра ордуна келүүчү энергия булактарын өнүктүрүүгө өздөрүнүн тийиштүү демилгелерин даярдаган.

“Бирок, белгилеп коюу зарыл, маморгандар тарабынан биздин бардык эле сунуштар олуттуу кабыл алына бербейт. Биз дайым эле жооп ала бербейбиз, мыйзам боюнча аларды тийиштүү убакыттан кийин алышыбыз керек”, - деп билдирди ал.

Ошондой эле Раимбеков, Президент Сооронбай Жээнбековдун атына кат жолдоп, өлкө жетекчилиги менен ККтин өкүлдөрү ортосунда жолугушуу уюштурууну сунушташкан.

Маалымат жыйындын катышуучулары, бийлик Коомдук кеңештердин региондорду өнүктүрүү жана башка маселелер боюнча сунуштарын карап көрүшсө болмок.

Экономика министрлигинин ККнин мүчөсү Ноокат Идрисов билдиргендей, ошондой эле алар соттук реформа, билим берүү системасы боюнча өз сунуштарын иштеп чыгышкан.

Пикир

Оставить комментарий