• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ:Баткен облусунун аймагында дезинфекциялоо иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. 2020-жылдын 18-мартынан тартып 15-майга чейин Баткен облусунун аймагында 235 438 чарчы метр имараттын ичи, 803 420 чарчы метр имараттын сырты жана 2 470 311 погондук метр автоунаа жолдор залалсыздандырылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, дезинфекциялоо иштерине жалпы 2141 кг хлор, 2126 литр суюк хлор,774 даана хлор таблеткасы колдонулган.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий