• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда одоно жол эрежесин бузган айдоочуга 42 миң сом айып салынды

Аймак 0

Бишкек, 15.11.23./Кабар/. Жалал-Абад шаарында одоно жол эрежесин бузган айдоочуга 42 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, айыпка жыгылган айдоочу инспекторлордун токто деген талабына баш ийбей, качып кеткен. Бирок көп өтпөй эреже бузган айдоочу кармалып, унаасы айып короосуна киргизилген.

Жол инспекторлору тарабынан айдоочуга каршы тилкеге чыккандыгы, жол чырактын кызыл белгисине баш ийбегендиги, айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаргандыгы, каттуу ылдамдыкта айдагандыгы жана кызматкерлердин токто деген талабына баш ийбегендиги үчүн 5 протокол толтурулуп, жалпысынан 42 сомго айып салынды.

Пикир

Оставить комментарий