• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облусунун башчысы салык саясаты тууралуу ыкчам жыйын өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев район-шаар башчылары, укук коргоо органдарынын жана мамлекеттик салык кызматынын аймактык жетекчилеринин катышуусунда ыкчам жыйын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жыйында облус аймагында салык төлөө маданиятын калыптандыруу, ККМди колдонуунун артыкчылыктары тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү талкууланды.

Облус башчысы аталган маселелер боюнча бир катар иштерди алып баруу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө, өнүккөн өлкөнү курууда, дүйнө мамлекеттеринин тажрыйбасы көрсөткөндөй, көмүскө экономиканын жоюулуусу, ишкерлердин ачык айкын иш алып баруусу, мамлекеттин өнүгүүсүнө зор өбөлгө болорун айтты.

"Өлкөбүздүн, анын ичинде аймагыбыздын ар тараптуу өнүгүүсүндө ишкерлердин ролу зор. Ошол эле учурда мамлекет тараптан да жеке ишкерлерге ар түрдүү колдоолор көрсөтүлүп жатканы талашсыз. Ошондуктан өлкөбүз өнүгүүгө карай ыкчам багыт алган мезгилде, мамлекеттик кызыкчылыкты жогору коюу учур талабы. Ийгиликке жетүү үчүн биргелешкен, эриш аркак аракет керек”, - деп белгиледи Алимбаев.

Аны менен катар президенттин өкүлү Кыргызстандын азыркы салык саясаты, башка өлкөлөргө салыштырмалуу эң эле ыңгайлуу экендиги тууралуу коомчулукка кеңири маалымат жеткирүү зарыл экенин айтты.

Белгилей кетсек, учурда Баткен облусунун аймагындагы 20 базар күнүмдүк тартипте иштеп жатат. Бүгүнкү күнгө облус боюнча 6 миң 76 ишкер ККМ аппаратын колдонууда, ал эми 5 миң 697 ишкер патент менен иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий