• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кадамжайда 14 жаштагы өспүрүм кыз бир айдан бери дайынсыз болууда

Аймак 0

Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. Кадамжай районунда 14 жаштагы Тургунбаева Адина Нурбековна изделүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 5-ноябрда өзү жашаган үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Анын апасы милицияга арыз менен кайрылып, кызын табышууга көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.

Белгилери: өңү кара-тору, кашы-көзү күрөң, бою 150-155 см, толмоч.

Кийими: үстүндө сары түстөгү куртка, кара түстөгү шым, бутунда күрөң кышкы бут кийим.

Бул арыз Кадамжай РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

"Жогорудагылардын негизинде, дайынсыз жоголгон жашы жете элек Тургунбаева Адина Нурбековнаны көргөн-билгендер болсо төмөндөгү телефондорго билдирип коюуӊуздарды суранабыз: 102, 03655 5-02-29, 0776 851 010", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий