• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көл облусунда жаңы канаттуулар фабрикасынын курулушу башталды

Өкмөт 0

Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында өндүрүш тармагына байланышкан бир катар маанилүү иштерге катышты.

Алгач Төрөбаев Балыкчы шаарында жайгашкан “Агро Куш” ЖЧКнын канаттуулар фабрикасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Учурда бул фабрикада жылына 7 миң тоннадан ашуун тоок эти өндүрүлөт.

Фабриканын өндүрүш кубаттуулугун жогорулатуу жана фабриканы кеңейтүү максатында Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен “Агро Куш” ЖЧКнын ортосунда 1,3 млн долларды түзгөн келишимге кол коюлду. Бул долбоор ишке ашса, жылына 20 миң тонна тоок эти өндүрүлүп, кошумча 110 жумуш оруну түзүлөт. Жаңы канаттуулар фабрикасын курууга мамлекет тарабынан 38 гектар жер 49 жылга берилди.

Андан соң Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл районунда жайгашкан “Евразия канаттуулар фабрикасы” ЖЧКнын жаңы канаттуулар фабрикасын курууга капсула салуу ишине катышты. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен “Евразия канаттуулар фабрикасы” ЖЧКнын ортосундагы келишимдин суммасы 8 млн доллар. Мамлекеттик колдоо катары 49 жылга 64 гектар жер пайдаланууга берилди.

Өз сөзүндө МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, өлкө калкынын 60 пайызы айыл жеринде жашагандыктан, өлкөнүн айыл чарбасын өнүктүрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин айтты. Ошол себептүү, 2022-2023-жылдары мамлекет тарабынан айыл чарбасын, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү максатында 43 млрд сом бөлгөнүн кошумчалады.

“Эгерде статистика боюнча айта турган болсок 2022-жылы өлкөдө 10 миң тоннанын тегерегинде тоок эти өндүрүлгөн. Бирок ошол эле учурда өлкөгө жылына 55,0 миң тонна тоок эти керектелет. Демек биз өзүбүздү 20 пайызга гана камсыздап келебиз. Калганы тилекке каршы чет өлкөдөн импорттолот. Эми жаңыдан ачылып жаткан фабрикалар ишке кирип баштаса өлкөгө керектелүүчү көлөмдү камсыз кылууга жетишет деп ойлойм”, - деди Бакыт Төрөбаев.

Пикир

Оставить комментарий