• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кышка даярдык көргүлө. Караколдо жүргүнчү ташыган айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. Каракол шаарында жүргүнчү ташыган айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тескөөчүлөр айдоочуларды кышка карата даярдоо максатында жүргүнчүлөрдү ташыган мекемелерге барышкан.

Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын техникалык көзөмөлдөө тобунун ага тескөөчүсү Мунарбек Асаналиевдин айтымында, айдоочулар азыртадан баштап автоунааларына керектүү нерселерди алып, кышка карата даярдашы керек.

"Баарынан мурда автоунаанын техникалык абалына, жарык берүүчү жана терезе тазалоочу шаймандардын, электрзымдарынын, аккумулятордун зарядынын туура иштеп жатканына өзгөчө маани берилиши керек. Ошондой эле айдоочуларга автоунааны кышта айдоо ыкмасына өздөрүн психологиялык жактан келтирүү керек. Күзгү-кышкы мезгилде жолдо жүрүүнү өзгөчө көӊүлгө алып, жол эрежесинин талаптарын так аткарууга милдеттүү. Автоунаалар арасындагы тийиштүү аралыкты сактап, катардан катарга тез которулуудан сак болуп, жол коопсуздугуна өзгөчө маани буруу туура болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий