• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда 17 мектептин окуучулары катышкан жол эрежеси боюнча сынак өттү — сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 26.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 26-апрелде, Жалал-Абад шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы шаардык билим берүү бөлүмү менен бирге жол кыймылынын жаш инспекторлорунун кароо-сынагын өткөрдү. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Иш-чара Р.Санатбаев атындагы №9 инновациялык мектеп-гимназиясында өтүп, ага Жалал-Абад шаарындагы жалпы 17 мектептин командалары катышты.

Сынактын катышуучулары атайын түзүлгөн программанын алкагында өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Алгач саптык кароодон өтүшүп, жол белгилери боюнча суроолорго жооп беришти. Жол эрежелерине байланыштуу сахналаштырылган көрүнүштөр да көрсөтүлдү. Жаш инспекторлор өздөрүнүн чыгармачылыгы менен жасаган дубал газеталары, ар түрдүү жол белгилер камтылган макеттер калыстардын сынына коюлду.

Ар бир бөлүктүн соңунда калыстар тобу тарабынан командаларга упайлар коюлуп, сынактын жыйынтыгында 1-орунду №4 мектептин жаш инспекторлору багындырды. Ал эми 2-орунду №5 мектептин командасы ээлесе, 3-орунга №2 жана №17 мектептердин окуучулары татыктуу болушту.

Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан дипломдор жана жол кыймылынын эрежелери камтылган атайын китепчелер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий