• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган көрнөк-жарнактар алынды

Коом 0

Бишкек, 26.04.22. /Кабар/. Бишкекте мыйзамсыз орнотулган көрнөк-жарнактар алынды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул жолу Жибек-Жолу проспектисинин Манас проспектисинен Фучик көчөсүнө чейинки бөлүгүндө 30га жакын жарнак конструкциялары, көрнөк-жарнактар жана баннерлер алынып салынды.

Ошондой эле Чүй проспектисинин Логвиненко көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү мыйзам бузуулар бар курулуштардын ээлерине өз ыктыяры менен бузуу тууралуу эскертүүлөр берилди.

Пикир

Оставить комментарий