• 88.68
  • 95
  • 0.95

«Кыргызнефтегаз» ААКсында финансылык бузуулар аныкталды

Коом 0

Бишкек, 11.03.23. /Кабар/. Эсеп палатасы «Кыргызнефтегаз» ААКсында 2021-жылы 3 млн 736,6 миң сом суммасында каржылык мыйзам бузуу аныкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, каржылык бузуу 2021-жылдын 12-апрелинен 31-январына чейинки мезгилде жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгында белгилүү болгон.

Анын ичинде:

- чегерүүлөргө жатпай турган чыгашаларды негизсиз чегерүүдөн улам акционерлердин дивиденддерин 3 млн 618,8 миң сом өлчөмүндө төмөндөтүп коюу аныкталган.

- канализациялык линияны реконструкциялоодо келишимдик милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн подрядчыга 117,8 миң сом айып өндүрүлүп, текшерүүнүн жүрүшүндө калыбына келтирилген.

Эсеп палатасынын Кеңеши аудиттин жыйынтыгы боюнча дивиденддердин аз эсептелген суммасын калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүү жөнүндө буйрук чыгарды.

Пикир

Оставить комментарий