• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР аймагында 24нөн 28-майга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 23.05.18. /Кабар/. 24-25-май күндөрү түнкүсүн Ысык-Көл ойдуңунүн чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк жылуулукту сүйүүчү айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн коркунучтуу.

24-28-май күндөрү:

24-майда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз Нарын, Ысык-Көл облустарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

25-27-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасынп 4-9 метрге чейин жетет.

28-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий